Жогорку Кеңешке талапкерлердин бири 81 жашта

Бүгүн алдыдагы парламенттик шайлоого катышууга ниеттенген айрым партиялардын алгачкы бешөө белгилүү болду.

Алдыңкы бештикке кирген талапкерлердин дээрлик баары “тажрыйбалуу” жана жаш эмес, чындыгында бул Кыргызстан үчүн көнүмүш көрүнүш.

Бирок, “Азаттык” партиясында Жогорку Кеңешке киргиси келгендердин эң улуусу болгон талапкер бар. Бул Медеткан Шеримкулов. Ал 81 жашта.

Эске салсак, Медеткан Шеримкулов 1990-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин спикери болгон. 1995 -жылы Кыргызстандын президенттигине ат салышкан.

Эскертүү, жаңы Конституцияга ылайык, 25 жаштан кем эмес талапкер Жогорку Кеңештин депутаты боло алат жана мандат алууну каалагандардын жаш чеги чектелбейт.