“Намыс жана Тартип” Коалициясы: шайлоо кимдерди бириктирди?

4-октябрь күнү “Ар-Намыс” – Кулов Ф. Ш, “Улуттар биримдиги” – Мырзакматов М. Ж., “Кыргызстан Элдик-Демократиялык саясий партиясы” – Медетбеков А. К. баш болгон саясий партиялардын лидерлери жана “Соотечественники” – Федоров Д.И., “Элдик көзөмөл” – Исабеков К.С., “Мекен сакчысы” – Эратов С.С., “Көзөмөл” – Турганбаев А.К. коомдук кыймылдарынын жетекчилери алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн “Намыс жана Тартип” Коалициясын түзүү жөнүндө чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу Феликс Кулов өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

Берилген маалыматка ылайык, бул Коалициянын ишмердүүлүгү алар көрсөткөн партия парламентке өтүп, өтпөгөнүнө карабастан, жүргүзүлө бермекчи.

Феликс Кулов өз сөзүндө: “Мыйзамга ылайык, саясий партиялардын арасынан шайлоо алдындагы блокторду түзүүгө жол берилбегендиктен, шайлоого катышуу үчүн кайсы партияны аныктоо керек деген суроо пайда болду. Кыска талкуудан кийин “Улуттар биримдиги” партиясына токтолдук. Азырынча мен кимдир бирөөнү мактоодон алысмын, анткени бул үгүттөө иши катары каралып, мыйзам бузгандык болуп калат. Кийинчерээк, бул жана башка чечимдер менен байланышкан маалыматтар тууралуу биздин шайлоочуларга толук кандуу маалымат берилет”, – деп билдирди.

Ф.Куловдун айтымында, Коалицияга кирген ар бир саясий партиялар жана коомдук бирикмелер өздөрүнүн талапкерлерин жалпы тизмеге киргизүүгө даярданышууда. Келечектеги депутаттардын тобу мыйзамда аныкталган критерийлердин негизинде, ошондой эле кесиптик, ишкердик, аймактык жана башка факторлорду эске алуу менен түзүлүшү керек. Коалиция жаңы мүчөлөр үчүн ачык. Ошондуктан, тизме толукталышы мүмкүн экен.

Ал белгилегендей, “Намыс жана Тартип” Коалициясынын аты жөн жерден жаралган жок. Шайлоодо кандай гана жол менен болсо дагы жеңишке жетүү башкы максат эмес. Саясатчылардын амбициясы жана ич ара каршылыгы үчүн эл өтө кымбат төлөп жатат. Ошондуктан, “Намыс жана Тартип” Коалициясы шайлоого катышуу үчүн өкүлчүлүк кылган “Улуттар Биримдиги” партиясы мыйзамдын бардык талаптарын сактоо менен шайлоону таза өткөрөт.