Японияда жаңы “Йезо” вирусу табылды


Япония окумуштуулары белгисиз инфекциядан улам тараган жаңы ооруну аныкташты. Адистер тапкан “Йезо” аталышындагы жаңы вирус кененин чагуусунан жугары белгилүү болду. Бул изилдөөнүн жыйынтыктары Nature Communications журналына жайгаштырылды.

2014-жылы Японияда белгисиз вирусту жуктурган алгачкы учурлар катталган. 2020-жылга чейин буга окшош симптомдору менен 7 пациент саналган. Оорулууда калтыратма пайда болуп, канында лейкоциттер менен тромбоциттердин саны азайып кетери байкалган.

Япониялык адистер вирусту эки пациенттин канынын таап, патогендин генетикалык анализин жүргүзүшкөн. Окумуштуулардын байкоосунда оорулуулардын канында буга чейин белгилүү болбогон Orthonairovirus түркүмүндөгү патоген бар.

2019-жылы Хоккайдо аралында ооруканага кененин чагуусунан кийин калтыратмасы менен эки пациент кайрылган. Алардын кан анализи белгисиз вирусту жугузганын көрсөткөн. Андан соң адистер 2014-жылдан бери дал ушундай симптомдору менен келген оорулуулардын канын кайрадан текшерип чыгып, “Йезо” жуктурган 7 учурду катташкан.

Вирустун булагын табыш үчүн окумуштуулар ошол райондордогу жапайы жаныбарлардын анализдерин карап чыгышкан. Анын натыйжасында вирустун РНКсы Хоккайдо аралындагы кенелердин негизги түрлөрүнөн табылган.