Электр энергия кризиси. Кооптонууга негиз барбы?

Учурда сууктун кирип келиши менен катар эле электр энергиясынын жетишсиздиги тууралуу болуп жаткан сөз жалпы элди түйшөлтүүдө. Улуттук энергохолдинг тарабынан дагы өлкөдө электр энергиясы жетишсиз болуп жаткандыгы үчүн бул жаатта атайын чектөө чаралары киргизилгендиги айтылууда.

Бул тууралуу КРдин өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, КМШнын эмгек сиңирген энергетиги Карыпбек Алымкулов өз ой-пикири менен бөлүштү.

Ал: “Кечки саат 22ден кийин кафе-ресторан, мончо, парк жана көчөдөгү жарыктарды өчүрүү боюнча дагы сөз болуп, бул дагы эл арасында бир топ сөз болду. Бул жарык эл колдонгон энергиянын 1%ине жетеби, жетпейби, ушул боюнча түшүндүрмө берүү зарыл. Менин оюмча азыр Бишкекти кечки саат 22ден кийин өчүрүп салса уурдап-тоноочулук көбөйүп, дагы башка кылмыштарга жол ачылышы мүмкүн. Ошондуктан эл ичинде дагы ушундай терс реакция пайда болду. Бирок көчөлөрдөгү жарык өчүрүлбөйт деп кайра айтылды. Бул туура чечим деп ойлойм. Негизи эле тиешелүү ведомстволор кандайдыр бир кабарды расмий жарыялоодон мурда ойлонуп иш кылуулары керек” деген оюн билдирди.

Буга кошумча ал элге энергетиктер пландуу өчүрүү менен веердик өчүрүүнүн айырмасын түшүндүрүп берүүлөрү керектигин айтты. Пландуу өчүрүү дайыма эле болуп келгендигин, Кыргызстанда 10 миңдеген трансформаторлорду оңдоп, убагында майын алмаштырып, карап туруу үчүн мындай убактылуу светти өчүрүү боло бере тургандыгын баса белгиледи.

Муну менен эле катар Карыпбек Алымкулович: “Энергетиктер күздөн бери эле суу аз болуп калды, быйыл электр энергиясы жаатында кыйынчылык болуп калышы мүмкүн деп эскертип келе жатышат. Чындыгында суу Токтогул суу сактагычында 12 млрд. кубдан бир аз гана ашык болуп калды. Суу электр энергиясын кенен чыгарууга жетишсиз. Ошондуктан Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстандан сатып алууга туура келип жатат. Азыр элди кышында жарык өчүп калып, такыр эле энергиясы жок отуруп калабызбы деген кооптонуу маселеси болуп жатат.

Менин оюмча андай кырдаал жаралбайт. Себеби коңшу мамлекеттер менен түзүлгөн келишим боюнча бизге жалпысынан 4 млрд кВ/саат электр энергиясы келет. Мындан сырткары өзүбүздө дагы Токтогул суу сактагычынан, ТЭЦ Бишкек, ТЭЦ Оштон алынган электр энергия болот. Буларды эсепке алып келсек, электр энергиясы кенен эле жетиши керек” – деп, кыш мезгилинде жарыксыз отуруп калуу коркунучу жок экендигин да айтып өттү.

Сөз соңунда Карыпбек Алымкулов электр энергиясын үнөмдөө, бул тамак-ашты, акчаны үнөмдөө сыяктуу эле нерсе экенигин айтып, жалпы элди электр энергиясы жетиштүүбү, жетишсизби, ага карабастан сарамжалдап колдонууну үйрөнүүгө чакырды.