“Ата Мекен” партиясынын айланасында “Эгемен” жаңы саясий коалициясы түзүлдү


“Ата Мекен” саясий партиясынын тегерегинде “Эгемен” аталышындагы жаңы коалиция түзүлгөндүгү белгилүү болду. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактардын биринде тарады.

Укук коргоочу, “Реформа” партиясынын мүчөсү Рита Карасартованын өз баракчасына жазган маалыматына ылайык, былтыр “Ата Мекендин” айланасына жаш саясатчылар “Жаңы дем” деген аталышта чогулушкан. Ал эми, быйылкы биригүүнүн мазмуну жана максаты башка нукта өнүгөт. Мындай кадамдар мамлекетти жоготуп алуу коркунучу бар экендигинен улам жасалып жаткандыгы жазылды.

Ошондой эле социалдык түйүндөрдө калтырылган маалыматка ылайык, коалиция түзүлүп жатканда партия лидери Өмүрбек Текебаев төмөндөгүдөй деген:

“Эгер, мен кайрадан Конституция жазсам, “Кыргызстандын гражданини” деген сөздү “Кыргызстандын эгемени” деп жазмакмын, биз каалаган система – ар бир гражданин өлкөнүн ээси болгон система, ар бир гражданинге укук менен эркиндик гана берилбестен, аларга жоопкерчилик кошо бериле турган система. Кыргызстандын жаңы гражданини (эгемени) ак менен караны ажырата билген билимдүү, өз алдынча, эркин, эң негизгиси жоопкерчиликти сезе билген адам болушу керек. Эгер, ушул 4 компоненттин бири эле болбосо, ал эркин болбойт”.