Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

WW 76kg - Aiperi MEDET KYZY (KGZ)


Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы дүйнө чемпионатында жарым финалга чыкты.

Алгач кыргыз спортчусу 1/8 финалдык бөлүктө болгариялык Мария Оряшковага мүмкүнчүлүк бербей 10:0 эсебинде утуп алды. Андан кийинки чейрек финалдагы баскычта орусиялык Марина Суровцеваны да ошондой эле 10:0 эсебинде багындырды.

Эми жарым финалдык күрөштө белгилүү эстониялык спортчу, азыркы Европа чемпиону Эпп Мяэ менен кездешет. Атаандашы дүйнө чемпионаттарында эки жолу коло медаль утса, Европа биринчиликтеринде алтын жана коло медалдары бар. Андан тышкары эки жыл мурун Европа оюндарын да жеңип алган.

Эскерте кетсек, Айпери Медет кызы Токио-2020 олимпиадасында жарым финалда утулуп, коло медаль үчүн беттешин да уттуруп койгон.

Кыргыз спортчусу Азия оюндарында коло, Азия чемпионатында күмүш жана дүйнө кубогунда коло медаль уткан.
Жарым финалдык беттештер кечки саат 20:45те башталат.