Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатында финалга чыкты


Олимпиаданын катышуучусу Эрназар Акматалиев Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты.

Кыргыз спортчусу 70 кг салмак даражасында алгач Шри-Ланкадан барган атаандашын ири айырмада утса, кийинки бөлүктө 11:2 эсебинде армениялык балбанды жеңип алды.

Чейрек финалдык кармашта ирандык Эрфан Мохаммад Элахи менен күрөшүп, татаал кармашта жеңүүчү аталып жарым финалга аттанды.

Финалга жолдомо берчү кармашында күчтүү делинген орусиялык Евгений Жербаев менен чыгып, 8:5 эсебинде жеңип алды.
Бүгүн 5-октябрь күнү алтын медаль үчүн польшалык Магомедмурад Гаджиев менен күрөшөт. Белгилей кетсек, Кыргызстандын тарыхында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыккан балбан болгон эмес. Бир эмес эки спортчу – Айсулуу Тыныбекова да бул дүйнө биринчилигинин финалына чыкты.

Финалдык кармаштар саат 22:00дө өтөт.