Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты.

Дүйнөнүн учурдагы чемпиону финалга карай жолунда 62 кг салмак даражасында алгач япониялык Нонока Озакини утса, чейрек финалда беларустук спортчуну женди.

Финалга жолдомо берчү бөлүктө украиналык Илона Прокопевнюкту татаал кармашта 5:2 эсебинде утуп алды. Бүгүн 5-октябрь күнү алтын медаль үчүн АКШ балбаны Кайла Миракл менен килем үстүнө чыгат.

Кыргыз спортчусу жеңишке жете турган болсо, эки жолку дүйнө чемпиону аталат. Финалдык кармаштар саат 22:00дө өтөрү маалым.