Анкара – Бишкек – Анкара багытында түз аба каттамы ачылат
Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча биринчи жолу жаңы авиакаттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропорту ААК AnadoluJet авиакомпаниясы...
УКМК: Урмат Самаевдин «Токмок жылуулук» ишканасында коррупциялык схеманы уюштурганга тиешеси бар
Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, КР УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөшүүнүн алкагында Токмок шаарынын мэри...
1 кг ашык “мефедрон” психотроптук затын сатууга аракеттенген жаран кармалды
Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын ИИМинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери менен биргеликте Казакстан...
Кыргызстандык жаачылар Ташкенттеги Азия кубогунда күч сынашат
Кыргызстандык жаачылар Ташкент шаарында (Өзбекстан) өтө турган Азия кубогуна катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, мелдеш 30-апрелден 5-майга чейин болуп...
“Эрмен жыты” тасмасы Бремен сынагында баш байгени жеңди
12-16-апрель күндөрү Германияда өткөн эл аралык сынакта Бремен кинофестивалынын баш байгесин Айбек Дайырбековдун “Эрмен жыты” тасмасы жеңип алды.
Эл аралык “Германиянын премьерасы” сынагына АКШ, Индия,...
Азимбек Бекназаров 20-июнга чейин камакта калтырылды
Сот саясатчы Азимбек Бекназаровду эки айга камакта калтырды. Мындай чечим 17-апрелде Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды.
Соттун чечими менен ал 20-июнга чейин камакта...
Кыргызстандыктар Орозо айтка байланыштуу үч күн эс алышат
Кыргызстандыктар Орозо айтка байланыштуу үч күн катары менен эс алат.
Муфтият Орозо айт майрамы 21-апрелде белгиленерин билдирди. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул...
Кеңешбек Дүйшөбаев: Баарыбызды камакта калтырып жатат
Бүгүн, 17-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасы каралып жатат.
Сотко жеткирилген Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев журналисттердин суроолоруна...
Орозо айт 21-апрелде белгиленет
Кыргызстанда 21-апрелде Орозо айт белгиленет. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ислам шариятында Орозо айынын башталышы жана аякташы жаңы чыккан Айдын...
Өлкө башчы кыргыз-тажик чек ара маселеси өтө жай жүрүп жаткандыгын айтты
Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде кыргыз-тажик чек ара маселеси тууралуу суроого жооп берди.
Журналист «былтыр Жогорку Кеңештин жыйынында «Өзбекстан менен чек ара...
















