
“Манас” аэропортун жаңылоого 130 миллион долларга жакын каражат жумшалды. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын жетекчиси Манасбек Самудинов журналисттерге билдирди.
Маалыматка караганда, каражат аба майдандын учуп-конуу тилкесине, аэровокзал комплексине жана жалпы инфраструктурага жумшалган.
Жетекчи бул суммага №2 терминалдагы расмий делегациялар залы кирбей турганын, так эсептөөлөрдөн кийин жалпы чыгым мындан азыраак болушу мүмкүн экенин кошумчалады.






