
Бишкекте № 227 автобус каттамынын кыймыл схемасы өзгөрдү. Эми ал Тагай Бий көчөсүнүн ордуна Каркыра көчөсү менен жүрөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдирди.
Маалыматка караганда, Тагай Бий көчөсү менен башка автобус каттамдары өтөт, ал эми ага тушташ жайгашкан Каркыра көчөсүндө коомдук транспорт жок болчу.
Каттамды которуу Каркыра көчөсүнүн тургундарын коомдук транспорт менен камсыз кылууга жана шаар боюнча каттамдарды бир калыпта бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.






