
Президент Садыр Жапаров менчик автомектептердин ишин токтотууга байланыштуу буга чейин чыгарган жарлыгынын мөөнөтүн 2026-жылдын 31-декабрына чейин узартты. Ага ылайык, 1-октябрга чейин Президенттин администрациясы апробациялык режимди ишке ашыруу боюнча тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгат.
Садыр Жапаров жыл башында 30-январдан тартып 30-августка чейин автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын окуткан жана кайра даярдаган мектептердин ишин жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча апробациялык режим киргизген. Бул мезгил аралыгында автомектептерге мурда берилген лицензиялар токтотулуп турат. Окутууну мамлекеттик автомектептер жүргүзөт.
Кыргыз бийлиги өлкөдө жол кырсыктары көбөйүп, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупция болуп жатканын билдирип, мыйзамсыз иштерди токтотуу үчүн күбөлүк берүү шартын катаалдаткан. Бул коомчулукта кайчы пикирлерди жараткан.






