
Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгарууну сунуштоого ниеттенүүдө. Бул тууралуу ал журналист Семетей Аманбековго берген маегинде айтты.
Калаа башчынын айтымында, ишкер Нариман Түлеев Ошто курулуп жаткан “Сулайман парк” соода борборунан Сулайман-Тоого чейин асма жол салууну сунуштаган. Бирок ЮНЕСКО тоонун айланасын оңдоп-түзөөгө уруксат бербей, бул план ишке ашкан эмес.
“ЮНЕСКОнун өкүлдөрү каршы чыгышты. Уюмдун талаптарына ылайык, устун дагы курулуш болуп эсептелет экен. Сулайман-Тоонун айланасына чоң инвестициялык долбоорлорду алып келсек, аны да карап көрөбүз дешти. Бир сом акча бербейт, бирок “Сулайман-Тоо дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген” деген имидж бар. Эл аралык коомчулук сөксө Ош мэриясын сөксүн, ЮНЕСКОдон чыкса чыгып эле кетеличи дедим”, – деген Акаев.
Ош шаарынын мэри бул маселе боюнча Маданият министрлигине расмий кат менен кайрыларын кошумчалады.
Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине 2009-жылы “Касиеттүү тоо” номинациясы боюнча киргизилген.






