Бишкекте мечиттерде бир жаран уулу ооруп жатканын айтып, элден кайыр-садака сурап жүргөн. Кийинчерээк анын калпы аныкталды

Бишкекте ымыркайды көтөрүп алып мечиттерде кайырчылык кылган кишинин видеосу соцтармакка жарыяланган. Бишкек ШИИББдин маалыматына караганда, белгисиз киши наристе оорулуу экенин, тамагында “тешик” бар экенин билдирип, каржылык жардам сураган.

Видеонун алдына аталган жаран борбор калаадагы мечиттерде кайырчылык менен алектенип, намаз окууга келген жарандардан акча сурап жүргөндүгү тууралуу билдирүүлөр жазылган.

Милиция бул боюнча текшерүү жүргүзүп, ымыркайдын ден соолугуна байланыштуу маалыматтар жалган экенин аныктаган. Тагыраагы баланын ден соолугу чың экени, эч кандай оорусу же патологиясы жок экендиги белгилүү болгон.

Бул факты белгиленген тартипте каттоого алынып, тилемчилик кылган киши 1988-жылы туулган А.Ы., ымыркай 2026-жылы туулган уулу А.М. экени белгилүү болгон.

Маалым болгондой, жарандын жашаган жеринде текшерүү, профилактикалык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 38 жаштагы кишиге “Тилемчилик” беренеси менен протокол түзүлдү.