Бишкекте автобус сегиз жаштагы баланы сүзүп кетти

Бишкекте жолдон өтүп бара жаткан баланы автобус сүзүп кетти. Жол кырсыгы 20-августта саат 20.30 чамасында Кольбаев көчөсүндө болгонун Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүзүп кетүүнүн кесепетинен 2018-жылы туулган бала жабыркаган. Ал медициналык мекемеге жеткирилип, ал жерден зарыл болгон жардам көрсөтүлгөн.

Алдын ала диагноз боюнча, бала баш мээсинен жабык жаракат алып, мээси чайкалган, ошондой эле бети жана денеси чийилген. Учурда жол кырсыгынын бардык жагдайлары жана себептери аныкталууда.