Жапаров президенттикти Ташиевге тапшырып кетүү ою болгонун айтты

Даяр болуп калса, президенттик кызматты Камчыбек Ташиевге тапшырып кетейин деген планым бар эле. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров журналист Али Токтакунов менен маектешип жатып билдирди.

Анын айтымында, экөөнүн ортосунда эч кандай соодалашуу болгон эмес.

“Бул менин өзүмдүн планым болчу. Алты жыл отуруп, кийинки шайлоого барбай эле, даяр болуп тажрыйба топтоп калса Камчыны президент кылып эс алууга кетсемби деген оюм болгон. Өзүнө эки жыл мурун айткам. Мен деле төрт жыл чет өлкөдө тентидим, төрт жыл түрмөдө чиридим, эми алты жыл конвой менен жүргөндөй эле жүрөм, чачым агарды, мен деле эс алайын, небере-чөбөрө бар, ошолорго көңүл бурайын деп өзүнө да айткам. Даярдан, айлана-тегерегиңди тазала дегем. Карасам, даяр эмес, кызматкерлеринин баары тигинтип асманда жүрөт. Анан “75чилердин катынан” кийин чакырып алып айттым. Элди экиге бөлбө, мындай иш болбойт дедим. Шайлоого катышам десең шарт түзүп берем дедим да, кызматтан алдым”, — деди Жапаров.