Бишкекте сегиз жашар кыздын алтын сөйкөсүн чечип кеткен келин кармалды

 Бишкекте сегиз жаштагы кыздын алтын сөйкөсүн чечип кеткен аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи билдирди.

Маалымдалгандай, ал кечээ калаадагы Гоголь көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн короосунан кичинекей кыздын алтын сөйкөсүн чечип алып, качып кеткен. Келтирилген чыгым 40 миң сомго бааланган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (“Тоноо”) боюнча иш козголгон. Шектүү катары 21 жаштагы келин кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Келин алтын сөйкөлөрдү сатып жибергенге жетишкен. Зер буюмду сатып алгандар аны ыктыярдуу түрдө милиция кызматкерлерине далил буюм катары өткөрүп беришкен.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар экендиги аныкталганы кошумчаланды.