Каракол аэропорту эми ири эл аралык учактарды кабыл алууга даяр

Караколдогу аэропорт мындан ары эл аралык каттамдардын көлөмдүү учактарын да кабыл алат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасы билдирди.

Маалымдалгандай, аба майданы учуп-конуу тилкеси узартылып, кеңейтилгенден кийин биринчи техникалык каттамды кабыл алды. Аэропорттун тарыхында алгачкы ирет Airbus A320 учагы конду.

Реконструкциянын алкагында аэропорттун учуп-конуу тилкеси 2 450 метрден 3 750 метрге чейин узартылды. Эни кеңейтилип, багыт көрсөткөн жарыктандыруу системасы жакшыртылган. Мурда чакан учактар эле коно алса, мындан ары көлөмдүү учактарды да тейлегенге шарт түзүлгөн.

Каракол аэропортунан эми КМШ өлкөлөрүнө, Жакынкы Чыгышка жана башка багыттарга жаңы каттамдарды ачуу боюнча иштер жүргүзүлөрү кошумчаланды.