
Июль айынын жыйынтыгы менен «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөк пулу 191 796 балага дайындалды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-августта жөлөк пулдарды төлөп берүү үчүн 235,7 миллион сом каржыланып, каражат алуучулардын эсептерине коммерциялык банктар аркылуу этап-этабы менен которула баштайт.
Эске салсак, 1-июлдан тартып Кыргызстанда төрөлгөндөн 3 жашка чейинки балдар үчүн ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу башталган.






