
2026-жылдын биринчи алты айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана үчүнчү мамлекеттерге сүт продукциясын жана табигый балды активдүү экспорттоону улантты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде сүт азыктарын экспорттоонун көлөмү 19 миң 915,55 тоннаны түзгөн.
Анын ичинде:
- балмуздак — 2 миң 339 тонна;
- сары май — 100,56 тонна;
- сыр (быштак) — 674,54 тонна;
- кычкыл сүт азыктары, анын ичинде кымыз жана курут — 197,77 тонна;
- сүт сары суусу — 189 тонна.
Мындан сырткары, табигый балды экспорттоо да көбөйдү. Алты айда чет өлкөлүк базарларга 228,84 тонна бал жеткирилген. Бул көрсөткүчтөр сырткы базарларда кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн продукциясына суроо-талап сакталып жатканын жана сүт, ошондой эле аарычылык тармактарынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңейгенин айгинелейт.
Кыргызстан дүйнөлүк базарды көздөгөн сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү тамак-аш өндүрүшүнө өзгөчө көңүл буруу менен айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүү жана экспорттук потенциалды жогорулатуу боюнча иштерин улантууда.






