Кыргызстандын саламаттыкты сактоо мекемелери 100 санитардык унаа алышат

Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо уюмдары өлкөдө жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде белгиленүүчү Медицина кызматкеринин күнүнө карата 100 санитардык унаа алышат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунан 24.kg агенттигине билдиришкендей, кызматтык транспорт аймактарга бөлүштүрүлөт. Аларды ала тургандардын арасында — облустук ооруканалар, патологиялык-анатомиялык бюролор, эне жана баланы коргоо боюнча облустук борборлор, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору (жалпы дарыгерлик практика борборлору), соттук-медициналык экспертиза бюролору, облустук СПИД борборлору, аймактык кан борборлору, психиатрия жана наркология борборлору жана башкалар бар.

 Унаалар ата мекендик өндүрүшкө таандык, аларды «Тулпар Моторс» ишканасы чыгарган.