
Бишкек мэриясы бүгүн, 1-июлдан тарта, борбор калаадагы автобустарда жүрүүнүн жаңы тартибин жарыялады.
Маалыматка ылайык, эми бишкектиктер коомдук транспорттогу жол кирени “Тулпар”, Visa, Mastercard, “Элкарт” карталары, QR-код жана башка электрондук төлөм кызматтары аркылуу төлөй алышат. Ушуну менен накталай төлөм жоюлат.
“Тулпар” картасы жоктор Pay24 терминалынан бир жолку электрондук билет сатып алып, андагы QR-кодду автобустагы валидаторго тийгизип төлөй алышат.
Ошондой эле биринчи төлөмдөн кийин 60 мүнөт ичинде автобусту төрт жолу акысыз алмаштырсаңыз болот.






