Нурлан Мотуев каза болду

Саясатчы, коомдук ишмер Нурлан Мотуев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул маалыматты милициядан тастыкташты.

Саясатчы, коомдук ишмер 57 жашта болчу. Анын ооруп жүргөнүн айтышты.

Мотуев бир топ жыл журналист болуп иштеген. Андан кийин коомдук иштер менен алектенди. “Жоомарт” деп аталган элдик-патриоттук кыймылын башкарган. Өмүрүнүн соңку жылдары социалдык тармакта активдүү болуп, постторун жарыялап келген.