
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн легалдаштыруу боюнча бир жолку кампанияны өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
Документке ылайык, 2026-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейин мындай чет өлкөлүктөр административдик жоопкерчиликке тартылбастан, Кыргызстандын аймагынан өз ыктыяры менен чыга алышат.
Бул жеңилдик төмөнкүдөй жагдайлардагы чет өлкөлүктөргө тиешелүү:
- визасынын же туруктуу жашоого уруксат кагазынын мөөнөтү бүткөндөр;
- туруктуу жашоого уруксат кагазы жокко чыгарылгандар;
- каттоосу, иштөөгө уруксаты же өлкөдө мыйзамдуу жүргөнүн тастыктаган башка документтери жоктор же мөөнөтү өтүп кеткендер;
- өлкөдө жүрүүгө уруксат берилген мөөнөтү аяктагандар;
- өлкөдө жүрүүсүнүн иш жүзүндөгү максаты кирген учурда көрсөтүлгөн максатка дал келбегендер.
Көрсөтүлгөн мөөнөттө өз ыктыяры менен чыгып кеткен учурда, чет өлкөлүктөр миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтен жана чыгуу визасын тариздөө акысын төлөөдөн бошотулат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жарлыктын аткарылышын уюштуруу, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






