Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Нарын облусуна барат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Мамлекет башчысы аймактын тургундары менен жолугушуп, ири инфраструктуралык, турак жай жана социалдык долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышмакчы.

Мындан тышкары, президент жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин Нарын облусунун учурдагы социалдык-экономикалык абалы жана мындан ары өнүгүү келечеги тууралуу маалыматын угат.