Бишкекте массалык уулануу катталды

Бишкекте «Арча-Бешик» конушундагы медреселердин бирине баргандан кийин тамак-ашка уулануу белгилери менен 37 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, жабыркагандар 18-июнь күнү саат 12.00дөн баштап кайрыла башташкан.

«37 адамдын ичинен он киши абалы орточо оордукта ооруканага жаткырылды. Алардын бири оор абалда реанимация бөлүмүнө түшкөн. Бүгүн анын абалы турукташып калды. Ал эми 27 адам анализ тапшыргандан кийин амбулатордук дарыланууга үйлөрүнө жөнөтүлдү», — деди Гүлжигит Аалиев.

Жабыркагандардын жашы 18-20да. Бейтаптардын айтымында, алар оливье салатын жешкен.