
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев республикага келип, мааракелик Ысык-Көл эл аралык форумуна катышууда.
Буга чейин жарыяланган катышуучулардын расмий тизмесинде анын аты-жөнү жок болчу.
Бул Аскар Акаевдин 2005-жылдагы окуялардан кийин Кыргызстанга биринчи жолу келиши эмес. Ал 2005-жылдын 24-мартындагы март революциясы учурунда өлкөдөн чыгып кеткен. Ал эми ошол эле жылдын 3-апрелинде расмий түрдө кызматтан кеткен. 2021-жылы Акаев «Кумтөр» иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн Кыргызстанга келген. Ал учурда мурдагы президент кайрылуу жасап, алтын кен компаниясынын долбоорун ишке ашырууда кетирилген каталар үчүн элден кечирим сураган.
Белгилей кетсек, мааракелик Ысык-Көл форуму Кыргызстанда 18-июндан 21-июнга чейин өтүүдө. Бул жылы ал «Өзгөрүү доорундагы дүйнө: бирге келечекке» деген темага арналган. Аянтча эл аралык уюмдардын, илимий чөйрөнүн, маданияттын, адабияттын жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн башын бириктирди.






