УКМК трансулуттук баңги тобуна бөгөт койду

УКМК баңги каражаттарынын эл аралык транзиттик каналын аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, «Афганистан — Тажикстан — Кыргызстан» багыты боюнча жана андан ары КМШ өлкөлөрүнө баңги каражаттарын ташуунун туруктуу каналын түзүп алган трансулуттук баңги тобун жок кылды.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, ички көзөмөл алдындагы жеткирүү ыкмасын колдонуу аркылуу КР жараны К.У.Б. кармалды. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн ири өлчөмдөгү «гашиш» баңги каражаты алынды.

Азыркы учурда баңги тобунун бардык катышуучуларын аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.