Нарын шаарындагы айланма жол убактылуу жабылды. Себеби

Нарын шаарындагы айланма жол курулуш иштерине байланыштуу убактылуу жабылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жол Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 346-чакырымындагы курулуш иштерине байланыштуу жабылды.

“Жол кыймылын коопсуз уюштуруу жана курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында аталган тилкеде бардык унаалардын жүрүүсүнө 20-июнга чейин чектөө киргизилет”, – деп айтылат маалыматта.

Министрлик айдоочулардан алдын ала маршруттарын пландап, жол белгилеринин талаптарын сактоону жана мүмкүнчүлүк болсо альтернативдүү жолдорду колдонууну өтүнөт.