
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Төш айылында сел суулары 20 турак үйдүн короо-жайын каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан билдиришти.
Мекеменин маалыматы боюнча, 4-июнь күнү кечки саат 22:20 чамасында кокту-колоңдордон келген сел суулары үйлөрдүн айланасын каптаган. Ошондой эле суу эки турак үйдүн кампасына жана дагы төрт кожолуктун малканасына кирген. Бүгүн табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин куткаруучулар, Жарандык коргонуу кызматтарынын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар жүргүзүп жатышат.








