Кыргызстандык балбандар Монголиядагы рейтингдик мелдеште 5 медаль утту

Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өтүп жаткан «Open Ulaanbaatar» рейтингдик мелдешинин алгачкы күнүндө Кыргызстандын курама командасы 5 медаль багындырды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Спортчулар 1 күмүш жана 4 коло медаль жеңип алышты.

Күмүш медаль:

• Азат Салидинов (87 кг чейин)

Коло медалдар:

• Жантөрө Мирзалиев (72 кг чейин)

• Аманат Самат уулу (72 кг чейин)

• Бекзат Орункул уулу (77 кг чейин)

• Имур Темирбеков (82 кг чейин)