
Ысык-Көл облусунда баасы 273 миллион сомдон ашык болгон жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышына текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 2004-жылы «Ысык-Көл» туристтик пансионатына тиешелүү 1,9 га жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында базар баасы 273 млн 149 миң сомду түзгөн мүлк мамлекетке кайтарылды.






