Быйыл мектептерде биринчи коңгуроо 15-сентябрда кагылат

2026-жылы жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат. Бул тууралуу бүгүн өткөн маалымат жыйынында Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, окуу жылы мурдагыдай эле 25-майда аяктайт.

Окуу жылынын башталышын жылдыруу Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшү менен байланыштуу болууда.

Белгилей кетсек, ШКУнун саммити 2026-жылдын 31-августунан 1-сентябрына чейин, ал эми Көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөрү пландалган.