
Бишкек шаарында 27-апрелден 3-майга чейин IIHFтин колдоосу астында хоккей боюнча эл аралык турнир — жаштар командалары арасындагы Азия кубогу өтөт. Бул тууралуу КР Хоккей федерациясы билдирди.
Оюндар “Номад Арена” муз аянтында өткөрүлөт. Кубок үчүн Кыргызстан, Өзбекстан, Монголия, Индия, Индонезия жана Макао (Кытай) курама командалары күч сынашат.
“Биздин чоңдордон турган улуттук курама командабыз дүйнө чемпионатынын экинчи дивизионунун “Б” тайпасындагы ордун ийгиликтүү бекемдеди. Жакында эле алтын медаль утуп, үчүнчү дивизиондун “Б” тайпасынан “А” тайпасына көтөрүлгөн U20 жаштар курама командабыз чоң секирик жасады. Эми биз “жаңы муундун жылдыздары” деп атаган мушкерлердин беттешке чыгуусуна кезек келди”, – деп белгилешти федерациядан.






