
Президент Садыр Жапаровдун учагы Астана шаарына конгонун “Ынтымак ордодон” билдиришти.
Өлкө башчысын аэропорттон Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алган.
Иш сапардын алкагында Жапаров РЭС пленардык сессиясында сөз сүйлөйт, чет элдик делегациялардын башчылары менен эки жактуу жолугушууларды өткөрөт, ошондой эле Жашыл жана туруктуу технологиялар эл аралык көргөзмөсүнүн павильонуна барат.






