Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери калды

Кыргызстанда бүгүнкү күндө Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери калды, алардын катарында блокадачылар жана концлагердин туткундары бар. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, алардын ичинен 8 ардагер согуштун түздөн-түз катышуучусу болуп саналат.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

  • Бишкек шаары — 4;
  • Чүй облусунун Жайыл району — 2;
  • Нарын облусунун Ат-Башы району — 1;
  • Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району — 1.

Ошондой эле өлкөдө концлагерлердин 6 туткуну жашайт: алардын 4ү Бишкек шаарында, бирөөсү Жайыл районунда жана дагы бирөөсү Жалал-Абад шаарында.

Мындан сырткары, Ленинграддын 10 блокадачысы бар: 8и Бишкекте, бирөөсү Сокулук районунда жана бирөөсү Балыкчы шаарында.

Эске сала кетсек, 2025-жылы Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери (анын ичинде согуштун катышуучулары, блокадачылар жана туткундар) жашаган. Алардын 14ү согуштун түздөн-түз катышуучулары болгон.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Кыргызстандан фронтко 360 миңден ашык адам аттанган. Алардын ичинен 160 миңге жакыны үйүнө кайтпай калган.