Кеминде адамды сүзүп кеткен шектүү “Манас” аэропортунан кармалды

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы автоунаасы менен адамды сүзүп кеткен деп изделип жаткан шектүү “Манас” эл аралык аэропортунан кармалганын кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, 1-майда Бишкек–Нарын–Торугарт автоунаа жолунун 110-чакырымында машине жөө жүргүнчүнү сүзүп кетип, бейтап ооруканада каза болгон. Айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен.

Чүйдүн Кемин районунун ички иштер бөлүмү шектүү 29 жаштагы адам экенин аныктап, аны “Манас” аэропортунан кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. “Хонда Акура” үлгүсүндөгү машине айып короого токтотулуп, тергөө уланып жатат.