Султанбай Айжигитов жана анын жубайы УКМК кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынган эмес – Рахманов

Султанбай Айжигитовду да, анын жубайын да УКМК кызматкерлери “сабаган” эмес жана алар аны сабашы мүмкүн да эмес болчу. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Айжигитов өзү да ачык эле интервьюларында айтып жатат. Колундагы көк ала кармоо учурунда ыкчам кызматкерлерге баш ийбей каршылык көрсөтүп, машинага олтурбай жулкулдашып атканда пайда болгонун айтты. Ал эми кашын кантип, кандай ыкма менен жарып, анан сүрөткө тартып чыгарганы бул видеодон көрүнүп турат…

Бөгөт чарасы каралганы келген сот залында Айжигитов өзү негедир столду сүзүп көргөн жана андан соң аны ооруканага алып барышкан”,-деп жазган ал.

Эске салсак, буга чейин УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитов жана анын жубайы Гүлнара Жолдошова кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганын билдирген.

Сот аларды үй камагына чыгарган. Кийинчерээк социалдык тармактарда Айжигитов жубайы менен ооруканадан көк ала болуп түшкөн сүрөттөрү пайда болгон.