
Компаниянын мындай иш-чарасы 2021-жылдан бери жылына бир жолу жаз айларында өткөрүлүп тураарын «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары Улан Рыскулов билдирди: “Биздин компания экология боюнча жылына тегерек стол өткөрүп, аталган багытта иш алып барган жергиликтүү мекеме-органдардын өкүлдөрүнөн сунушун угуп, ар кандай долбоорлорду ишке ашырып келет”,- деди Рыскулов.
Бул жылдагы тегерек столго тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, экологдор, илимий кызматкерлер, ЖОЖдын мугалимдери, студенттер, коомдук активистер жана “Альянс Алтын” компаниясынын эколог адистери катышышты.
КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас облустук регионалдык башкармалыгыны башчысы Бекмурза Ашимов мындай тегерек столдо маселелер айтылып, көйгөйлөрдүн чечилишине шарт түзүлөт деди: “Компания ар дайым ушундай иш чара уюштурат. Бул жерде ийри отуруп, түз кеңешип алдыдагы экологиялык иштерди пландайбыз. Сунуштарды угабыз жана өзүбүз дагы “Альянс Алтын” компаниясына долбоорлорду сунуштайбыз. Мисалы, облусубуздагы “Беш-Таш” мамлекттик жаратылыш коругуна маралдарды алып келүү, көчөттөрдү отургузуу, облустун масштабындагы ишембликтерди уюштуруу сыяктуу бир топ иштерди биргеликте ишке ашырдык. Жерүй кенинин айланасындагы суулардын баары таза болуп, балык чарбасына толук ылайыктуу. Компаниянын жаратылышты коргоо аракеттеринин алкагында жапайы кыргоолдор да жаратылышка коё берилген. Ушундай иш чаранын баардыгы компаниянын колдоосу менен ишке ашып келет жана аларга ыраазычылык билдиребиз”,-деди Бекмурза Ашимов.
Тегерек столго катышкан Талас облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун өкүлү Владимир Мазер “Жерүй” кенин аймагындагы дарыяларды балыктандыруу иштери жакшы натыйжа бергенин айтты. Эске сала кетсек, аталган коомдун демилгеси менен кендин аймагындагы Чон-Чычкан жана Туз-Ашуу дарыяларына 2023-жылы 30 миңден ашык жана 2025-жылдын апрель айында 20 миң севан форелинин чабактары кое берилген. Бүгүнкү күндө алар 23 сантиметрге чейин чоңоюшканын В. Мазер айтты.
Андан тышкары жергиликтүү активисттердин атынан катышкан “Талас Эл ынтымагы” коомунун төрагасы Серен Шейшенов жана “Элдик көзөмөл” кыймылынын башчысы Айдар Момунтаевдер активдүү катышып, бир катар сунуш-пикирлерин айтуу менен бирге компаниягы ыраазычылыгын билдиришти.
Бул ирээт өткөрүлгөн тегерек столдун катышуучулары тарабынан 2025-жылы облустун аймагында төмөнкүдөй иш чараларды уюштуруу демилгеленди:
● Экологиялык семинарларды өткөрүү;
● Талас облусунун аймагында масштабдуу ишембилик өткөрүү:
● «Жашыл Мурас» улуттук акциясынын алкагында облустун аймагын жашылдандыруу иш-чараларын уюштуруу;
● Айыл чарба жерлерине жана экосистемаларга зыян келтирген зыяндуу кемирүүчүлөрдү жана куштарды атуу иштерине көмөк көрсөтүү: Зыянкечтерден келтирилген чыгымдарды азайтуу максатында алардын санын көзөмөлдөө боюнча план иштеп чыгуу сунушталат.
● Көз карандысыз эксперттер жана коомчулук үчүн экскурсияларды уюштуруу: Адистердин жана коомчулук өкүлдөрүнүн катышуусундагы экскурсиялар экологиялык демилгелердин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга, ошондой эле негизги көйгөйлөрдү аныктап, биргелешип чечим табууга шарт түзөт.
● Экологиялык көрсөткүчтөрдү аныктоо үчүн жабдууларды сатып алуу;
● Аймактын экосистемасын калыбына келтирүү долбоорун иштеп чыгуу.
«Альянс Алтын» компаниясы өлкөбүздөгү эң ири салык төлөөчү ишканалардын бири болуп саналат.