
Алдыдагы май айындагы майрамдарга байланыштуу министрлер кабинетине караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги жарандарга иш графигиндеги өзгөрүүлөр тууралуу маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген расмий майрам жана дем алыш күндөрүнө байланыштуу 2025-жылдын 1-майынан 9-майынан чейин агенттиктин бардык аймактык бөлүмдөрү жарандарды кабыл албайт.
2025-жылдын 10-11-майында (ишемби жана жекшемби күндөрү) төмөнкү бөлүмдөр жарандарды кабыл алууну улантат:
— Бишкек шаардык бөлүмү (Бишкек шаары Ч. Валиханов көчөсү 2, «Аю Гранд Комфорт» соода үйү). Жумуш убактысы: 08:30дан 17:30га чейин;
— Чыгыш бөлүмү (Бишкек шаары, Ч. Валиханов көчөсү 2, 3-бет). Жумуш убактысы: 08:30дан 17:30га чейин;
— «Биримдик 24» (Бишкек шаары, «Биримдик-Кут» конушу, 11, 180/1 көч.). Күнү-түнү иштейт;
— Аймактар аралык бөлүм (Чүй облусу, Военно-Антоновка айылы, «Риом-Авто» унаа базары ). Жумуш убактысы: 08:30дан 01:00гө чейин;
— Ош аймактык бөлүмү (Ош шаары, Навои көчөсү). Күнү-түнү иштейт
-Ош-2 (Ош ш., Көкүм-Бий көчөсү, 168). Жумуш убактысы: 08:30дан 17:30га чейин.
— Жалал-Абад регионалдык бөлүмү (Жалал-Абад шаары, Шопоков көчөсү, 32). Жумуш убактысы: 08:30дан 17:30га чейин.
12-майда агенттиктин бардык бөлүмдөрү штаттык режимде ишин улантат.