
Алдыда кыргызстандыктарды кыска иш жумасы күтөт. Ал 28-апрелден 30-апрелге чейин созулуп, андан кийин – 1-майдан 10-майга чейин эс алышат, ал эми 11-май жекшемби.
Мындан тышкары, 30-апрель шаршемби күнү 1-май майрам алдындагы кыскартылган иш күнү болот. Бул күнү иш күнү бир саатка кыскартылат.
Эмгек кодексинин 66-беренесине ылайык май айында төмөнкүдөй жумуш эмес майрам күндөрү белгиленет:
1–4, 6–8-май – Май майрамдары;
5-май – Кыргыз Республикасынын Конституция күнү;
9-май – Жеңиш күнү.