
«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер күнөөлүү деп табылып, үч жылдык пробация менен абактан бошотулду. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы чыгарды.
Соттун өкүмү жабык эшик артында чыгарылып, Темирлан Султанбеков өкүмгө макул эместигин жана даттанууга ниеттенип жатканын «Апрелге» берген маегинде билдирди.
Эске сала кетсек, 2024-жылдын 13-ноябрында саясий партиянын штабында тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгы Социал-демократтар партиясынын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен талапкер Данияр Чолпонбаевдин шайлоодогу бардык добуш берүүлөрү социалдык тармактарга тарап кеткен делген сүйлөшүүнүн аудио жазуусунан кийин КР Кылмыш-жаза кодексинин «Добуштарды сатып алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.
15-ноябрда Свердлов райондук соту Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксеверди No1 СИЗОго камаган. Камакка алынгандар добуш сатып алган деп айыпталууда.
Андан соң иш жүзүндө укук коргоо кызматкерлери кармаган биринчи күнү Султанбеков ачкачылык жарыялап, аны 100 күн кармап, андан кийин ден соолугунун начарлашына байланыштуу акцияны токтоткон.