
24-апрелде Бишкектин бир бөлүгү суусуз калат. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, саат 09:00дөн 00:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт:
Ч. Айтматов проспектиси — Л. Толстой көчөсү (РКИБ инфекциялык ооруканасынын батыш тарабы) — Кулатов көчөсү — Игембердиев көчөсүнүн түштүк тарабы, Кулатов көчөсү- Панфилов көчөсү — М. Горький — көчөсү, Минина көчөсү — Пожарский көчөсү — М.Горький көчөсү — Ч. Айтматов проспектиси;
Манас проспектиси — Ж.Бөкөнбаев көчөсү — Н.Исанов көчөсү — темир жол линиясы;
Ч. Айтматов проспектиси — Балагулов көчөсү — Юдахин көчөсү — Алтымышев көчөсү — Матыев көчөсү — Л.Толстой көчөсү.
Суу диаметри 400 мм болгон Кара-Суу суу түтүгүн авариялык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.