Ош облусунда Тар дарыясына агып кеткен 8 жаштагы баланы издөө иштери уланууда

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Тар дарыясына агып кеткен 8 жаштагы баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 20-апрелде Ой-Тал айыл аймагынын Көңдүк-Чаты участкасында болгон. Тар дарыясына 2017-жылы туулган Т.Э. аттуу бала агып кеткен.

Бүгүн, 22-апрелде издөө иштерине 116 адам тартылган. Аларга төмөнкүлөр кирет:

Кара-Көл районунун 66-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу;

Кара-Суу районунун 25-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 6 куткаруучу (бардыгы 16 куткаруучу);

100 жергиликтүү тургун.

Издөө иштери уланууда.