
Дональд Трамптын администрациясы келерки жылдын ичинде АКШдан 1 миллион мыйзамсыз мигранттарды депортациялоону пландоодо. Бул тууралуу Washington Post басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч аткаминерлердин жеке сүйлөшүүлөрүндө дайыма айтылып келет. Бул депортациялоо боюнча мурунку рекорддон бир топ ашып кетти. ” Барак Обаманын (2009-2017-жылдары) президенттигинин тушунда жылына 400 миң адам эле”, — деп жазды басылма.
Макалада талдоочулар бул көрсөткүчтү реалдуу эмес деп эсептешет. Анткени бул ишке каржы жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери жетишсиз бөлүнгөн. Кошумчалай кетсек, мигранттардын көбү депортациялоону сотто талашууга укуктуу.
The Washington Post гезити келтирген Улуттук коопсуздук департаментинин маалыматына караганда, 2025-жылдын башынан бери АКШдан 117 миң адам чыгарылды.
Ак үй депортация статистикасын жарыялоону токтотту