
АКШ Кытайга 104 пайыздык импорттук салык салуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу CNN Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитке шилтеме берүү менен билдирди.
Анын айтымында, 9-апрелден тарта Кытайдан импорттолгон товарларга 84 пайыздык кошумча алымдар киргизилет. Ошентип, кытай товарларына жалпы алым 104 пайызды түзөт.
Буга чейин АКШ бийликтери эгер өлкө 8-апрелдин түшкө чейин импорттолуучу америкалык товарларга 34 пайыздык бажы алымдарын жокко чыгарбаса, Кытайга карата бажы төлөмдөрүн көтөрөрүн билдирген. Кытай АКШ белгилеген мөөнөткө чейин алымдарды алып салганын жарыялаган эмес.
Вашингтон АКШ президенти Дональд Трамп 2-апрелде жарыялаган 20 жана 34 пайыздык бажы тарифтерине кошумча Кытай товарларына 50 пайыздык бажы салыгын киргизип жатат. Пекин буга жооп кылып, 34 пайыздык бажы салыгын киргизип жатканын айтып, чарадан баш тарткан жок.
Эске сала кетсек, 2-апрелде Ак үй импорттук бажы төлөмдөрүнүн жаңы системасын киргизген. Базалык ченем бардык импорттук товарларга 10 пайызды түзөт. Ал эми айрым өлкөлөр үчүн ал бир топ жогору болот: Кытай үчүн 34 пайыз, Вьетнам үчүн 46 пайыз жана Европа Биримдиги үчүн 20 пайыз.