Жалал-Абадда коомдук жайларда никаб кийүүгө тыюу салынганы эскертилди

Жалал-Абад облусунун аймагында коомдук жайларда никаб кийүүгө тыюу салынганы эскертилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Иш-чара укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлүп, жарандарга коомдук жайларда никаб кийүүдө 20 миң сом айып пул каралганын түшүндүрүштү. Бирок, айрым жарандар аталган мыйзам талаптарына баш ийбей жүрүшөт.

Атайын кызмат мындай аракет “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” КР мыйзамын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Бирок, айрым жарандар аталган мыйзам талаптарына баш ийбей жүрүшөт.

УКМК көрсөтүлгөн мыйзамдын талаптарын бузуу КР мыйзамдарына ылайык административдик жаза менен жазаланарын эскертет.