
Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райым Матраимовдун конфискацияланган мүлкү аукционго коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктен кабарлашты.
Матраимовдун мүлкү: Ош шаарындагы Amanat Residence комплексиндеги 2 300 чарчы метрлик кеңселер. Баштапкы баасы — 251 миллион 433 миң сом.
Камчы Көлбаевдин энесине таандык 9 миллион 545 миң сомдон башталган “Талисман Виллидж” пансионатындагы коттежи (103,5 чарчы метр), “Барашек” рестораны, 209 миллион 986 миң сомдон башталган Чолпон-Ата шаарындагы “Народный” соода комплекси (1 415 чарчы метр).
Мындан тышкары, Орок жана Беловодское айылдарындагы айыл чарба жерлери менен жер тилкелери да сатыкка чыгарылды.
Учурда бул объектилердин ээси министрлер кабинети болуп эсептелет.