Садыр Жапаров БУУга Кыргызстан ЖМК мыйзамын кандай кабыл алып жатканын айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-мартта, БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда адам укуктарын коргоо жана илгерилетүү, сөз эркиндигин камсыз кылуу, демократиялык институттарды чыңдоо, ошондой эле адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку Комиссарынын башкармалыгы менен кызматташуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда демократиялык башкаруу формасын чыңдоо, укуктук мамлекетти куруу, улуттук мыйзамдарды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү, сот жана укук коргоо системасын реформалоо процесстери ырааттуу жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

«2021-жылдан баштап КР мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул иш-чаралар өлкөнүн мыйзамдык базасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, анын ичинде жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында аткарылууда. Ошондой эле КР министрлер кабинети кылмыш-жаза мыйзамдарын гуманизациялоо боюнча ырааттуу иш алып барууда», — деди президент.

Садыр Жапаров Кыргызстан Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү болуп, жалпысынан, үч жолу — 2009-2012-жылдары, 2016-2018-жылдары жана 2023-2025-жылдары шайланганын, эл аралык коомчулуктун жигердүү катышуучусу жана Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү катары демократияны, адам укуктарын, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө боюнча ырааттуу иш жүргүзүп, өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууну улантып жатканын белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда ЖМКлардын, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды кабыл алуу жалпы коомчулуктун жана бардык кызыкдар тараптардын катышуусунда өтүп жатканын баса белгиледи.

Ал жакында эле Кыргызстанга Мунир Сатури башында турган Европа Парламентинин адам укуктары боюнча кичи комитетинин делегациясы келгенин, аларга Кыргызстандагы адам укуктары жаатындагы абал менен таанышууга толук мүмкүнчүлүк берилгенин эске салды.

Садыр Жапаров Кыргызстандын БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын Башкармалыгы менен кызматташтыгын жогору баалап, өлкө жетекчилиги бардык эл аралык өнөктөштөр менен ачык жана конструктивдүү диалогго ар дайым даяр экендигин баса белгиледи.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк өз кезегинде Кыргызстандан социалдык-экономикалык өнүгүү, Борбор Азия аймагында тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу жаатындагы алгылыктуу реформалар жана жетишкендиктер тууралуу жаңылыктар улам келип жатканын айтты.

Бул контекстте ал Кыргызстанды Тажикстан менен чек ара маселелерин жөнгө салуу процессинин аякташы менен куттуктады.

БУУнун Жогорку комиссары азыркы коомдо пайда болуп жаткан көйгөйлөрдү жана чакырыктарды талкуулоого жарандык коомдун катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Биз Кыргызстанга укук үстөмдүгүн, туруктуулукту, адам укуктарын коргоону жана сактоону камсыздоого багытталган бардык маселелер боюнча зарыл болгон бүт жардамды берүүгө даярбыз», — деп ишендирди Фолькер Түрк.