
Худжанд шаарында Нооруз майрамын майрамдоо иш-чарасына Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери катышат. Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон президент Садыр Жапаров менен кеңейтилген курамда “Ынтымак Ордодо” өтүп жаткан жолугушууда билдирди.
Эмомали Рахмон өз сөзүндө Садыр Жапаровго Худжанд тарыхый шаарында боло турган мамлекет башчыларынын үч тараптуу жолугушуусуна катышуусун тастыктаган үчүн ыраазычылыгын айтты.
Ошондой эле ал бүгүн кол коюла турган документтер кыргыз-тажик алакасынын жаңы барактарын ачарын белгилеп, бул жолугушуулардын жыйынтыгы эки элдин кызыкчылыгына жооп берерине ишенерин кошумчалады.